Жалал-Абадда оор абалда ооруканага түшкөн наристе чарчап калды. Милиция анын өлүмүн териштирүүдө

Жалал-Абадда ооруканага оор абалда жеткирилген эки жашар кыз 20-майда өзүнө келбей чарчап калды. Ал эки жумадан бери облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Милиция наристенин өлүмүн себебин териштирүүдө.

Облустук балдар ооруканасынын жетекчиси Кумарбек Ботокараев «Клоопко» билдиргендей, эки жашар кыз жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып комада жаткан. Ал 20-майда өзүнө келбей ооруканада чарчап калган.

«Абалы оор бойдон болчу. Өзүнө келе алган жок. Биз бардык аракетибизди жумшадык, тилекке каршы анын өмүрүн сактап кала алган жокпуз», —деди Ботокараев.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев эки жашар кыздын ооруканага оор абалда түшкөнү боюнча тергөө иши уланып жатканын, анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн денеси соттук-медициналык экспертизага жиберилгенин «Клоопко» билдирди.

«Наристенин апасы Орусиядан келгенден кийин кызынын бул абалга түшүп калганын териштирип берүү боюнча да арыз жазган. Учурда экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Кылмыш иштин квалификациясы экспертизанын жыйынтыгына карап өзгөрөт», — деди Жээнтаев.

«Тепкичтен жыгылып кеткен»

7-май күнү облустук ооруканага оор абалда эки жашар кыз жеткирилген.

Наристени кароого алган дарыгерлер анын денесинде көк тактар болгонун байкашкан. Баланы коштоп келген таенесинен эмне болгонун сурашканда, небереси тепкичтен жыгылып кеткенин айткан.

Таенесинин жообуна канааттанбаган дарыгерлер чынын айтууну суранышкан. Ошондо ал бир-эки жолу урганын мойнуна алган. Бул диалог тасмага тартылып калган.

«Шымына заара кылбасын деп буттарынан чымчылап эле койгонум болбосо, ага кол көтөрмөк турсун катуу сүйлөбөйм. Ал неберем туулганда эле оорукчан болуп төрөлүп, каны да аз. Бир жума мурда ойноп жүрүп башы менен жыгылып түшкөн экен. Ошондон улам ооруп калды окшойт», — деп наристенин таенеси «Азаттыкка» маек курган.

Эки жашар кыздын апасы күйөөсү менен ажырашкандан кийин Орусияга иштегени кетип, Жалал-Абадга 14-майда келген.

Жалал-Абад облустук милициясы аталган фактты «Ден соолукка оор эмес залал келтирүү» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган. Тергөө иштери уланууда.