Жыл сайын ичүүчү суу аркылуу жуккан ооруларга каршы күрөшүүгө 4,8 млрд сом сарпталат — Жээнбеков

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Зафар Атаджанов / RFE / RL

Президент Сооронбай Жээнбеков 23-майда «Аймактар үчүн Таза Суу» форумунда өлкөнүн бийлиги кир суу аркылуу жуга турган ооруларга каршы күрөшүү үчүн жыл сайын 4,8 млрд сомдон ашуун акча сарптайт деп билдирди.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл сайын 30 миӊге жакын ичеги-карын оорулары катталат. А катталбай калганы канча?» — деп билдирди президент.

Жээнбековдун айтымында, эгер таза суу маселеси чечилсе, анда бийлик бул акчаларды аймактарды өнүктүрүүгө жумшамак.

«Жакынкы беш жылдын ичинде өлкөбүздүн 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реабилитациядан өткөрүлөт», — деп айтты президент.

Ал 2018-жылы бийлик республикалык бюджеттин эсебинен 25 айылды таза суу менен камсыздаганын, дагы 17 айыл эл аралык жардам аркылуу таза суу менен камсыз болгонун кошумчалады.

Жээнбеков Кыргызстандын айылдарын таза суу менен камсыздоо анын саясатынын негизги багыттарынын бири деп билдирди.

«Таза Суу» долбоору

Акыйкатчынын 2018-жылы январда жарыяланган баяндамасына ылайык, Кыргызстанда 1200дөн ашуун айылдын борборлоштурулган суу системасына жеткилиги жок. 267 айылда суу чорголору 1960-жылдарга чейин эле курулган, ал эми өлкөнүн 396 айылында суу чорголору таптакыр эле жок.

2000-жылдан тарта Кыргызстанда «Таза суу» долбоору иштеп баштаган. Анын максаты — айылдарды таза суу менен камсыз кылуу. Долбоордун ишке ашуусуна Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк Банк акча бөлгөн — алардын жалпы суммасы 90 млн долларды түзгөн.

Бирок, финансылык долбоорлор коррупциялык жаңжалдардын айынан токтотулган эле. Башкы прокуратура каражаттар ыксыз пайдалангандыгы үчүн 26 кылмыш ишин козгоп, алардын ичинен 19 иш сотко жөнөтүлгөн. Кылмыш иштери боюнча келтирилген зыяндын суммасы 6,3 млн сомду түзгөн.