КСДП УКМКнын Атамбаев менен Ниязовдун иш бөлмөлөрүндө тыңшагыч орнотууга аракет кылганын билдирди — атайын кызмат муну четке кагууда

«Апрель» телеканалынын видеосунан алынган скриншот

КСДПнын штабынын өкүлү УКМКнын кызматкерлери аны коркутуу жана опузалоо менен «Форум» имаратындагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүндө тыңшоочу түзмөк орнотууга мажбур кылууга аракет кылышканын жашыруун түрдө айтып берди. Бул имарат Атамбаевге таандык, ал эми экс-президент өзү КСДПны жетектейт.

«Эми мага кысым көрсөтүлүшү мүмкүн, бирок мен адилеттүүлүк бар деп ишенем», — деди штабдын кызматкери.

Видеодо ал УКМКнын кызматкерлери ага ыктымал беришкен узарткычты ачып, анын ичинен тыңшагыч деп атаган түзмөктү тапты.

УКМКдан КСДП айткан маалыматты «чагым» жана «өздөрүн пиарлоо» деп аташты.

«Айрым саясий ишмерлер өздөрүн пиарлоо, өздөрүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүү максатында атайын кызматтын дарегине негизсиз айыптарды тагышууда. Буга байланыштуу УКМК жарандарды ЖМКларда тенденциялуу жана негизсиз сөздөрдү айтпоого чакырат», — деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Мунун баары Атамбаевдин азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен араздашуусунун шартында болуп жатат. Эки саясатчынын ортосунда бир жылдан ашуун убактыттан бери жаңжал болууда. Жээнбековдун бийликке келиши менен Атамбаевдин жакындары чоң мансаптуу кызматтарынан ажырашып, коррупциялык кылмыш иштердин фигуранттары болуп калышкан.