«Акнет» интернет провайдеринин башчысы кармалды

ИИМдин басма сөз кызматы 28-майда «Акнет» интернет провайдеринин башчысы Кубан Ажимудинов Бишкек шаарынын БИИБине караштуу убактылуу кармоо изоляторуна киргизилгенин билдирди.

Ажимудинов менен бирге «Строй Сеть» фирмасынын башкы директору жана башкы эсепчиси кармалды — ИИМден фирманы «Акнет» менен «аффилирленген» деп аташты. Милиция кармалгандарды ири өлчөмдө акча коротууга шектөөдө.

«“Акнет” менен “Строй Сеть” компанияларынын 2018-жылга карата үч ай жана 2016-жылга карата үч ай аралыгында жүргүзгөн ишмердиктеринин аудити жүргүзүлдү, анын жүрүшүндө “Акнеттин” 14,1 млн сомдон ашуун өлчөмдө акча каражаттарды эсептен мыйзамсыз чыгаруу фактылары аныкталды», — деп айтылат ИИМдин кабарында.

2018-жылы ноябрдын аягында финполиция «Акнет» компаниясында тинтүү жүргүзгөн. Анда компания муну «рейдерлик басып алуу» деп атап, «Акнеттин» кабелдик телевидениеси менен интернети начар иштей баштаган.

Бул бир гана интернет колдонуучуларына таасир этпестен, маморгандардын ишине да тоскоолдук жараткан, себеби алардын көпчүлүгү «Акнет» провайдеринин интернетин колдонушат.

Иликтөө учурунда компания буга чейин жашырып койгон 150 млн сом салыкты бюджетке төгүп берип, финпол кылмыш иштерин жапкан.

Бирок 27-мартта Башкы прокуратура төрт кылмыш ишин токтотуу тууралуу финполдун чечими артка кайтарылганын кабарлаган.