Депутаттар жол эрежесин бузуу үчүн айып пул өлчөмүн азайтууну сунушташты

Парламенттин депутаттары Улугбек Ормонов менен Алтынбек Жунус уулу кээ бир жол кыймыл эрежелеринин бузуулары үчүн штрафтардын суммасын үч миңден бир миң сомго чейин азайткылары келет.

Бул үчүн депутаттар мыйзам долбоорун белендешип, аны 28-май күнү коомдук талкууга чыгарышкан.

Документке ылайык, штрафтарды миң сомго чейин азайтуу төмөнкү эреже бузуулары үчүн сунушталууда:

  • жол белгилеринин же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо;
  • машиналардын ортосунда коопсуз аралыкты сактабоо;
  • жолчырактын тыюу салуучу белгиси же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосун аткарбай өтүп кетүү;
  • токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу.

Парламентарийлер штрафтарды «адилеттүүлүк принцибинин негизинде» азайтыш керек деп эсептешет.

2019-жылды 1-январынан тарта күчүнө кирген Бузуулар жөнүндө кодексте жазылгандай, жолчырактын кызыл белгисинде туруп токтоо сызыгынан өтүү менен айдоочунун токтоо же токтоп туруу талаптарын сактабагандыгы үчүн миң сом айып пул каралган.

Бирок парламент февраль айында Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизип, штрафтардын суммасын үч миң сомго чейин көтөргөн. Ошондо эле бийлик эгер айдоочу айып пулду 15 күндүн ичинде төлөй турган болсо 50% арзандатуу жеңилдигин да киргизген.

Айып пулдардын өлчөмү көтөрүлгөндөн кийин айрым депутаттар менен активисттер өлкөдө айлык акы аз болгондуктан штрафтардын өлчөмүн азайтууну талап кылып чыгышкан. Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев да жумушчу топко айып пулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн карап чыгууну тапшырган.