Прокуратура Атамбаевдин иш бөлмөсүн тыңшоо аракети тууралуу иликтөөсүн баштады

Атамбаевдин иш бөлмөсүнө орнотууга аракет кылышты делген тыңшагыч түзмөк. Скриншот: «Апрель» телеканалынын видеосунан

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 30-майда «Адамдын жеке турмушунун кол тийгистигин бузуу», «Кат жазышуулардын жашырындуулугун бузуу» жана «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелеринин негизинде текшерүү башталганын кабарлашты. Текшерүү ишин аскер прокуратурасы алып барууда.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өз иш бөлмөсүндө тыңшагыч орнотуу аракети болгону тууралуу арызы менен Башкы прокуратурага 27-майда кайрылган.

Мурдараак, Атамбаевге таандык болгон «Апрель» телеканалында Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитетинин (УКМК) кызматкерлери «Форум» имаратындагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүндө тыңшоочу түзмөк орнотууга аракет кылышкан деп айтылган сюжет чыккан. Бул тууралуу жашыруун түрдө КСДПнын кызматкерлеринин бири айтып берген.

Видеодо ал УКМКнын кызматкерлери беришкен ыктымал узарткычты ачып, анын ичинен тыңшагыч деп атаган түзмөктү тапкан. Атайын кызмат партиянын билдирүүсүн «чагым» жана «өздөрүн пиарлоо» деп аташкан.

КСДП атайын кызматтар тарабынан аңдууга жана кысымга алынып жатканына бир нече жолу даттанган, бирок беркилери муну четке кагышууда. Мунун бардыгы мурда үзөңгүлөш болушкан Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы тыйылбай келе жаткан тирештин шартында болууда.

ТЕМА БОЮНЧА: