Бишкек ЖЭБдеги авария иши: Сот үч айыпталуучуну үй камагына коё берди

Бишкек шаардык соту Бишкек ЖЭБдеги авария тууралуу иш боюнча айыпталгандарга карата райондук соттун өкүмүн өзгөрттү. Анын чечими боюнча айыпталуучулардын үчөө үй камагына чыгарылды. Бирок биринчи инстанциядагы сот аларды эки жарым жылдан төрт жылга чейин эрктеринен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу.

Шаардык соттун басма сөз кызматы «Клоопко» билдиргендей, үй камагына Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурдагы орун басары Нурлан Садыков, ЖЭБдин мурдагы техникалык инженери Нургазы Курманбеков жана «Электр станцияларынын» башкы директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоев коё берилген.

Алардын бардыгына штраф салынды жана ар бири мамлекеттин пайдасына 220 миңден 300 миң сомго чейин төлөп бериши керек.

Ал эми ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу камакта калтырылды. Ал Улукттук коопсуздук боюнча мамкомитетине 150 миң сом төлөп берген. Алардын баары өз күнөөлөрүн моюнга алышкан.

Шаардык сот иштин дагы үч фигурантына карата чечим чыгара элек — бул «Электр станциялардын» мурдагы башчысы Узак Кыдырбаев, Улуттук энергохолдингдин экс-башчысы Айбек Калиев, ЖЭБди жаңыртуу боюнча долбоордун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Алардын баары камакта.

Алар күнөөлөрүн моюндарына алышкан жок жана күнөө ЖЭБдин техникалык персоналында, ошондой эле алар тергөө аларга коюп жаткан зыян эч бир далилдер менен негизделбеген деп эсептешет.

Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция тууралуу экинчи иш боюнча парламенттин депутаты жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев менен мурдагы эки премьер-министр камакта — Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев. Бул иш боюнча сот иши аяктай элек.