«КТ Мобайл» чуусу: Абылгазиевдин тууганы маянасын кайтарып берди — дээрлик 800 миң сом

Эрназар Рысалиев

Мамлекеттик «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун мурдагы орун басары Эрназар Рысалиев компанияга төрт айлык маянасын кайтарып берди. Рысалиев өзүнүн фейсбугунда маяна жана каржаттарды компаниянын эсебине которгондугу тууралуу дүмүрчөктөрдүн сүрөттөрүн жарыялады.

«“Салам — КТ Мобайл” улуттук байланыш операторун түзүү боюнча долбоордун ашыкча саясатташып кеткендигине байланыштуу, анын менин тууганчылык байланыштарыман улам компанияда иштеп турганымда айлык катары алган 787 миң сомду кайтарып берүүнү туура деп эсептейм», — деп түшүндүрдү Рысалиев өз чечимин.

В связи с широким обсуждением деятельности «КТ Мобайл» в обществе, Жогорку Кенеше и Правительстве Кыргызстана, а также в...

Posted by Ernazar Rysaliev on Thursday, May 30, 2019

Дүмүрчөктөргө ылайык, Рысалиев айына 197 миң сом маяна алып турган. Бирок Рысалиев буга чейин анын бир айлык эмгек акысы 157 миң сомду түзөт деп бирдирген.

Эрназар Рысалиев (ошондой эле Иманкадыр уулу Эрназар деген ысым менен белгилүү) «КТ Мобайлдын» жетекчисинин орун басарлык кызматынан коомдук тармактарда фирманын жетекчилиги 350 миң сом айлык акы алат деп айтылган маалымат тарап кеткендеги ызы-чуунун шартында кеткен. Ошол эле кезде «КТ Мобайлдын» башкы директору Нурбек Мукамбетов да ээлеген кызматынан бошоп кеткен.

Ошондой эле Эрназар Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу экени белгилүү болгон. Кийинчерээк өкмөт Рысалиев менен Абылгазиевдин ортосунда тууганчылык байланыш бар экенин ырастап берген.

«КТ Мобайлдын» жетекчилигинин отставкасынан кийин Иманкадыр Рысалиев «Ачык өкмөттүн» катчылыгынын төрагалык кызматынан кеткен.

Ошондой эле премьер-министр Мамбайланыш комитетинин башчысын жана өзүнүн аппаратынын башчысы менен анын орун басарын кызматтан бошоткон.

Мамлекеттик «КТ Мобайл» мобилдик байланыш оператору — бул «Кыргызтелеком» улуттук байланыш операторунун туунду ишканасы. Ал 2003-жылы түзүлгөн. 2018-жылы компания «Мегаком» менен биригип, 16-майда «Салам» бренди менен уюк байланыш базарына чыгып жатканын жарыялаган.