Ош облусу: Кыргыз чек арачылары өзбекстандыкты жарадар кылышты — ал талапка баш ийбей койгон

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, 31-майда Ош облусуна караштуу Араван районунун Тогуз Булак жергесинде кыргыз чек арачылары Өзбекстандын жаранын кармашкан. Кармоо учурунда чек арачылар курал колдонушкан.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын чек арачылары кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерден өтүп бара жаткан эки машинаны токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочулар алардын буйруктарына баш ийбей жолун уланта беришкен.

Чек арачылар абага эскертүү огун чыгарышкан, бирок айдоочулар токтобой коюшкан.

«Кыргызстандын чек ара нөөмөтү автотранспорттун дөңгөлөгүнө курал колдонууга аргасыз болуп, натыйжада Өзбекстандын бир жараны жарадар болгон. Жарадар болгон адам Өзбекстандын Мархамат райондук ооруканасына жеткирилген», — деп айтылат чек ара кызматынын маалыматында.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арадагы аскерлеринин колбашчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Күч түзүмдөрү бирдиктүү иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн окуя жүз берген районго өз өкүлдөрүн жөнөтүүнү макулдашышкан.

Кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек арасында чек арачылар курал колдонууга аргасыз болгон жаңжалдар жана окуялар жетишээрлик көп болот. 2019-жылдын жазында эле Аксай кыргыз айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын тургундарынын ортосунда бир нече кагылышуу болгон.

Келишпестиктерге дайыма өлкөлөр 20 жылдан ашуун убакыттан бери мамчекараларды делимитациялоо жана демаркациялоо тууралуу макулдаша алышпай келе жатканы себеп болуп келет.