Ошто бычакталган окуучу көп кан жоготкондуктан каза тапкан

Ош облустар аралык балдар ооруканасы: Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / Kloop.kg

Ош шаарында 30-майда бычак жеп 8-класстын окуучусу каза болду. Анын өлүмүнө шектелип андан бир жаш улуу бала кармалган. Милициядан шектүү «адам өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүүгө» айыпталып жатканын билдиришти.

Шаардагы «Кыргызстандын 40 жылдыгы» атындагы мектептин 8-классынын окуучусу Самат Акматовду 30-майда 16-жаштагы жигит учтуу буюм менен сайып жиберген. Окуя мектептен алыс эмес дүкөндө орун алган.

Саат 11:00дор чамасында жабырлануучу Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилип, эки сааттан кийин каза тапкан.

«Бычак аябай терең кирген экен. Сол кабыргасынын астынан кирип, бөйрөгүнө чейин жеткен. Кан көп жоготуптур. Операция бөлүмүнө жеткиргенче, кан басымы нөлгө чейин түшүп кетти. Тилекке каршы баланы сактап кала албадык», — деп билдирди оорукананын директорунун орун басары Кутпидин Бекажиев.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, аталаган иш «адам өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси боюнча катталды. Шектүү эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки иликтөө, тергөө иштери уланууда.