Өзгөндө блогердин кайрылуусу боюнча иликтөөдөн кийин төрт милиционер кызматынан бошотулду

"Чындык маалымат KG" ютуб каналындагы тасмадан алынган скриншот 

Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын төрт кызматкери жумушунан бошотулуп, дагы алты милиционерге сөгүш берилди. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева билдирди.

Мындай чечим Ош ОИИБнин кызматтык иликтөөсүнүн натыйжасында кабыл алынган. Милиционерлер ИИМдин «аброюна шек келтирип», «укук коргоо органдарынын этикасына туура келбеген» жоруктарды жасашкан.

Апрелдин аягында блогер Бауржан Кадырбеков Өзгөн шаарындагы дүкөндөн сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды аныктап, чара көрүлүшү үчүн милиционерлерди чакырган.

Блогердин чакыруусуна келген тергөөчү «Бауржан, бул жерге мөөнөтү өтүп кеткен азыктар сатылат экен, соода кылбай эле кой да» деп айткан. Кадырбеков «менден башкасы соода кылып жатпайбы» деген сөзүнө, милиционер «башка менен сенин ишиң эмне?» деп жооп берген.

Милиция блогерди аялды ур-токмокко алууга шектеп, ага каршы «Бейбаштык» беренеси боюнча иш козгогон. Бирок 19-майда кылмыш иши токтотулган.

Бирок Бауржан Кадырбековду ишкерлерден акча опузалоого шектеп жатышат. Айрым ишкерлер Кадырбеков тарткан тасмаларын ютуб каналынан өчүрүп коюусу үчүн алардан 10-20 миң сом талап кылганын айтып, милицияга арыз жазышкан. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.