Ош шаарынын борбордук аянтында айт намазы окулбайт

"Сулайман-Тоо" мечитиндеги айт намазы. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / kloop.kg

Быйыл айт намаз Ош шаарындагы борбордук аянтта эмес, калаадагы мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев Орозо айт намазы Бишкекте гана эски аянтта окулаарын, ал эми башка аймактарда мечиттерде өтөөрүн «Клоопко» кабарлады. Ал мындай чечимдин артында эч кандай себеп жок болгонун айтат.

Орозо айт намазы 5-июнда таңкы саат 07:30да окулмакчы.

Буга чейин айт намаздары Ош жана Жалал-Абад шаарларынын борбордук аянттарында да окулуп келген.