Оштогу балдар ооруканасын оңдоодо мамлекетке 800 миң сомго жакын зыян келтирилген

Ош облустар аралык балдар ооруканасы: Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / Kloop.kg

Башкы прокуратурадан «Клоопко» билдиришкендей, Ош облустук балдар ооруканасынын имаратын оңдоодо пластикалык эшик менен электр товарлардын баасы 774 миң сомго кымбаттатылган.

Ош облустук прокуратурасы пландуу текшерүүнүн алкагында облустук балдар ооруканасын оңдоп-түзөөдө мамлекетке материалдык зыян келтирилгенин аныктады.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, оорукананын имаратын оңдоого жана электр товарларын сатып алууга 2018-жылдын августунда тендер жарыяланган. Аны кайсы бир (көзөмөл органдан компаниянын ысымын аташкан жок) компания жеңип чыгып, тендердин жалпы баасы 16,7 млн сомго бааланган.

«Текшерүүнүн натыйжасында орнотулган пластикалык эшик жана электр товарлардын баасы 774 миң сомго жогорулатылганы аныкталган. Оорукананын жетекчилигинин шалаакылыгы ушундай актты өткөрүп алышканында. Аталган акча каражаттары кимдер тарабынан ыйгарып алынгандыгы тергөөдө билинет», — деп маалымдашты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан.

Облустук прокуратурасы аталган фактты 2019-жылдын 1-июнунда «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен каттап, ишти сотко чейинки өндүрүшкө алуу үчүн облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берди.