Баткен: Лейлектин тургундары бийлик менен сүйлөшкөндөн кийин жолду ачышты

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Материал 17:25те жаңыртылды.

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов Исфана-Андарак жолу 4-июнда түштөн кийин ачылганын «Клоопко» билдирди.

«Бардык талаптар аткарылды. Суу тосмонун башындагы жер тилкелери ижарага берилген болчу, алар кайтарылат. Мамлекеттик жерлерде салынган мыйзамсыз турак жайлар көчүрүлөт», — деди Бекмуратов.

Буга чейин бир күн мурда Баткен облусунун Лейлек районунун тургундары Искра айылындагы бир нече үйдү бузуу талабы менен Исфана-Андарак жолун тосушкан. Алардын айтымында, ал үйлөр мамлекетке таандык жер тилкелеринде мыйзамсыз курулган.

«Азаттыктын» журналисттеринин маалыматына ылайык, жергиликтүү тургундар үйлөрдү өз алдынча бузууга аракет кылышкан, бирок ал жерге келген милиция кызматкерлери аларды токтотуп калышкан.

Ошондой эле, «Турмуш» басылмасы маалымдагандай, бул жер тилкеде жер-жемиштерди өстүрүү үчүн жер семирткичтерди колдонулган — жергиликтүү тургундар химикаттар жергиликтүү суу сактагычка жетиши мүмкүн деп кооптонушат.

Окуя болуп жаткан жерге өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жылдызбек Исакулов жана тез чара көрүүчү атайын отряддын аскерлери келген.

«Учурда чогулуп турган эки элдин коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат», — деп билдиришти Баткен ОИИБинен.