Милиция: Алайда тепкиге кабылган дүлөй балдардын иши кыскартылды

Балдардын бири тепкиге алгандарга өзүнүн укпай тургандыгын түшүндүрүп жатат. Видеодон алынган скриншот

Ош облустук милициясынан 28-апрелде Алай районунда ур-токмокко алынган үч дүлөй баланын иши кыскартылганын билдиришти. Буга тараптардын элдешип, жабырлануучулар тосмо арыз жазганы себеп болгон.

Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Нур-Пери Абдуллаева «Клоопко» жабырлануучулар 3-июнда доосу жок экендигин билдирген арыз жазып беришкенин маалымдады.

«Эки тараптын элдешип алганына байланыштуу иш кыскартылды. Буга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген шектүү да эркиндикке чыгарылды», — деп айтты Абдуллаева.

Ош шаарында 4-июнда эки тарап элдешкендерин билдирип маалымат жыйын курушту. Алайдын тургундарынын бири Бектурган Баратпай уулу айылда бала уурдоо боюнча жалган маалымат тарагандан улам эмоцияга алдырып койгонун айтты.

«29-апреле [бала уурдоо боюнча] жалган маалымат түшкөн. Ошол маалымат боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар экенин билбестен ката кетиргенбиз. Бул балдардан жана ата-энелеринен ошол кылганыбыз үчүн кечирим сурайбыз», — деди Бататпай уулу.

Ал эми жабырлануучулардын бири шектүүлөр алардын ооруканада жаткан чыгымдарын төлөп, кечирим сурашкандыктан тосмо арыз жазышканын билдирди.

«Биздин сүрөттөрдү тартып, таратып салган адамга “баарын сен кылдың, сен камалышың керек эле” деп айтканбыз. Ал ошол боюнча көрүнбөдү. Биз милиция кызматкерлеринен ошол адамды таап, ал жалпы элдин алдында кечирим сурашын каалайт элек. Ал [бала уурдоо боюнча маалымат] таратпаганда, булар да мындай кадамга барышмак эмес», — деди ал.

Укук коргоо органдарынан бала уурдоо боюча маалымат тараткан адам жабырлануучулардан жакын арада кечирим сурай турганын билдиришти.

Дүлөй балдардын тепкиге кабылышы

Үч дүлөй жигиттин тепкиге кабылышы 28-апрелде Ош облусунун Алай районунун Корул айылында болгон. Анда агрессивдүү маанайдагы тургундар дүлөй жигиттерди бала урдоого айыптап тепкилешкен.

Айылдын чогулган тургундары дүлөй балдардан түшүндүрмө талап кылышкан. Бирок алар кол менен жаңсоолор аркылуу өздөрүнүн орозо айына карата жылсанак сатканы келгенин түшүнүрүп бере алышкан эмес. Кийин жабырлануучулар тургундардын үстүнөн милицияга арыз жазышкан.

Ош облусттук милициясы «жалган маалымат таратуу» жана «кол көтөрүү» боюнча иш козгоп, сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. 7-майда бейбаштык фактысы боюнча шектелип бир киши кармалып, убактылуу жайга киргизилген.