Ош: Милиционерлерди 15 жаштагы өспүрүмдү кыйноого айыпташууда — укук коргоо органдары муну четке кагат

Өспүрүмдүн апасы Роза Хамидова «Клоопко» билдиргендей, милиция анын уулун 3-июнь күнү саат 16:00дор чамасында кармаган. Андан кийин баланы Ош шаарына жакын жайгашкан Озгур айылына алып барып, уурулук кылмышын моюнга алдырууга аракет кылышканын айтууда.

«Милиция кызматкерлери уулумду уурулук боюнча кылмышты моюнуна алууга мажбурлашкан. Андан кийин анын башына желим баштык кийгизип, кыйноого алышкан. Мен ошол учурда ага телефон чалып бирок байланыша албай жаттым», — дейт ал.

Хамидованын айтымында, ал уулу менен башка телефон номер аркылуу чалып гана байланыша алган: «Уулум Ак-Буура милиция бөлүмүндө экенин айтты».

Эне уулун милиция бөлүмүнөн түнкү саат 2лер чамасында алып чыккан. Хамидова укук коргоо органдары анын жашы жете электигин эсепке албай ата-энеси жана адвокаты жок эле суракка алышкан деп айыптайт.

Учурда жабырлануучу дарыгерлердин көзөмөлүнөн кыйноо фактысы боюнча соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлүп жатат. Апасы уулунун денесинде тактын белгилери жок, бирок ички органдарында жараты болушу мүмкүн дейт.

Окуядан кийин ал Улуттук кыйноолордун алдын алуу борборуна кайрылып, кыйноого алгандардын үстүнөн арыз жазган.

«Апасынын айтымында, анын баласына күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн психолгиялык басым жасап, кыйнашкан. Биз бул жагдайды иликтөө үчүн шаардык прокуратурага кайрылдык», — деди «Клоопко» борбордун башчысы Нурдин Сулайманов.

Милициянын версиясы

Ал эми Ош шаардык ИИБнин басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов «Клоопко» билдиргендей, балага карата эч кандай кыйноо болгон эмес.

Милициянын маалыматы боюнча, 1-июнда Ак-Буура милиция бөлүмүндө Озгур айылындагы дүкөндөрдүн биринен 40 миң сомдук товар уурдалганы боюнча факт катталган. Ага шектүү видеокөзөмөлгө түшүп калган.

«Бала 3-июнда кармалды. Ага карата эч кандай күч колдонулган эмес. Доогерлер шектүү өспүрүм экенин билишкенден кийин арызын кайтарып алды», — деди милициянын басма сөз катчысы.

Укук коргоо органдары кармалган баланын апасы уулун жоопкерчиликтен кутултуу максатында милиция кызматкерлерин кыйноого алганга айыптоодо деп эсептешет. Мындан тышкары, милиция кармалган бала 12 жашынан баштап 10 жолу уурулук фактысы менен кармалганын кошумчалашты. Бирок баланын апасы аталган маалыматты четке кагууда.