Абдраимовдун жүрүм-туруму бүткүл аткаруу бийлигине «көлөкө түшүрөт» — Абылгазиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бардык жайгдайларды карап чыккандан кийин Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жүрүм-турумуна баа берүү тууралуу маселени карайт.

Өкмөт башчысынын айтымында, маморгандардын жетекчилеринен ачык-айкын иштөө талап кылынат.

«Абылгазиев мындай рангдагы аткаминер менен журналисттин ортосунда болгон окуя үчүн өкүнөт, анткени бул окуя бийликтин бүткүл аткаруу бутагына көлөкө түшүрөт», — деп берди Абылгазиевдин позициясын өкмөттүн басма сөз катчысы Адилет Султаналиев.

Абылгазиевдин айтымында, маморгандардын «ачык-айкын» иштеши гана жарандардын бийликке жана анын кабыл алып жаткан чечимдерине ишенимин арттырат.

«Өзгөчө бул эң эле актуалдуу маселелерге көңүл бурушкан журналисттик коомчулугунун өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүгө тийиштүү», деп белгиледи ал.

Абдраимов 5-июнда журналисттин суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан, анткени анын «жүзү жагымсыз» болгон. Эртеси күнү 6-июнда журналистттер менен активисттер обладминистрациянын алдына митингге чыгышып, облус башчысынын отставкасын талап кылышкан.

Бирок аткаминер журналисттерге чыкпай, иш-бөлмөсүндө бекинип алган. Арадан бир саат өткөн соң гана журналисттерге чыккан — көрсө аткаминерге кабарчынын суроосунун «прокурордук өктөмдүгү» катуу тийген экен. Аткаминер журналисттен кечирим суроодон баш тарткан.