Кыргызстандын ТИМи Түркиянын элчисин «өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды»

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) түрк тарабына алардын Кыргызстандагы элчиси Камил Фырат 5-июнда Чүй облусунун Орок айылында жаңжал чыккан жерге барганы үчүн нота тапшырды.

«Министрлик Түркиянын элчисин өзүнүн иш-аракеттери менен Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуу болууга жана өлкөнүн улуттук мыйзамдарын урматтоого чакырды», — деп айтылат тышкы саясий иштер мекемесинин билдирүүсүндө.

Орок айылында 5-июнда жергиликтүү тургундардын ортосунда өспүрүмдөрдүн мушташынын айынан жаңжал чыккан. Эки өспүрүм баш мээси жабыркап ооруканага жаткырылган.

Милиция тургундар үйлөрдүн терезелерин чапкылай башташкандыктан улам 30дан ашуун адамды кармаган. Айылдын негизги калкын кыргыздар менен месхетин түрктөрү түзөт.

Окуя болгон жерге түрк элчиси Женгиз Фырат келген — анын котормочусунун айтымында, айылда консулдук бөлүмдүн кош бойлуу кызматкери болгон жана элчи аны алып кетүү үчүн келген.

Кыргызстандын бийлиги Орок айылындагы араздашуу улуттар аралык мүнөзгө ээ эместигин бир нече жолу билдирген.