Орокто тургундардын ортосунда сүйлөшүүлөр өттү. Бийлик жаңжал чечилгенин билдирүүдө

В селе Орок все тихо! Стороны договорились о мире и согласии

Posted by Нурис Алымбаев on Thursday, June 6, 2019
Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элкинбек Аширбаев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди

Сокулук районунун Орок айылында 6-июнь күнү жергиликтүү мечиттин алдында бир күн мурда жаңжалга катышышкан айыл тургундарынын ортосунда сүйлөшүүлөр болуп өттү. «Азаттык» үналгысы маалымдагандай, тургундар күнөлүүлөрдүн бардыгын жоопкерчиликке тартууну талап кылып, таркап кетишкен.

«Түрк туугандар да, кыргыздар да келишти. 15 чакты үйгө таш ыргытылган экен, ошол чыгымды ким келтирсе, ордун толтуруп бермей болду. “Ал эми бейбаштык кылган балдар мыйзам боюнча жооп бериши керек”, — дешти. Аны жашырып койгон болбойт», — деп келтирет Кыргызстан элинин ассамблеясынын башчысы Абдыган Эркебаевдин айткандарын «Азаттык».

Басылманын маалыматы боюнча, жолугушууга түрк диаспорасынын өкүлү Атамша Дурсунов да катышкан. Айылдын калкынын негизги бөлүгүн кыргыздар менен месхитин түрктөрү түзөт.

«Мыйзам деген бар. Ким мыйзамды бузса, жооп бериши керек. Биз сүйлөшүп, келиштик. Мен айылдын тургундарына, аксакалдарга ыраазычылык айтам. Ачуусу тараганда, баары бир пикирге келет деп ишенем. Биз бул жерде жашап жатканыбызга 75 жыл болду, аталарыбыз “ынтымакта жашагыла” деп айтып кеткен», — деди Дурсунов.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элкинбек Аширбаев тараптар ынтымакка келишти деп билдирди журналисттерге.

«Ички маселелер бар. Жапа чеккен бала боюнча, ошол баланы урган балдар боюнча мыйзам чегинде иш жүрөт. Ал маселени биз токтоткон жокпуз. Биз кечээ ушул жерде болгон араздашуу маселесин чечтик. Балдардын баары тең бошотулду», — деди Аширбаев.

Орок айылынын тургундарынын ортосундагы чыр-чатак 5-июнда чыккан. Ага эрте мененки айт намазынан кийин болгон төрт баланын мушташы себеп болгон. Эки өспүрүм жабыркап, алар дагы деле ооруканада жатышат.

Милиция кол салган эки баланы кармаган, алар азыр тергөө изоляторунда отурушат.

Милициянын маалыматына ылайык, жаңжал учурунда жабырлануучулардын туугандарынын бири бейбаштык аракеттерге чакырган жана анын жыйынтыгында тургундар 12 үйдүн жана бир нече автоунаалардын терезелерин таштар менен чаап талкалашкан.

ИИМ 5-июнь күнү 31 адам кармалганын билдирген. Кийинчерээк алар милдеттенме боюнча коё берилген — алар милиция бөлүмүнө тергөөчүлөрдүн биринчи талабы боюнча келип турушу керек. Бийлик жаңжал утуттар аралык мүнөзгө ээ эместигин бир нече жолу айткан.