Ороктогу жаңжал: Милиция кармалгандардын 31ин коё берди, үчөө изоляторго киргизилди

ИИМдин басма сөз кызматы Орок айлынын 31 тургуну милдеттенме боюнча коё берилгенин кабарлады — алар милиция бөлүмүнө тергөөчүлөрдүн биринчи талабы боюнча келип турушу керек. Бир адам убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди, сот 6-июнда анын баш коргоо чарасын чыгарат.

Айылдын тургундары 5-июнь күнү болгон кагылыштан кийин кармалышкан. Жаңжалдын чыгуусуна төрт баланын мушташы себеп болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, жаңжал учурунда жабыркандардын бирөөсүнүн туугандары байбаштык аракеттерге үндөп, натыйжада тургундар 12 үйдүн жана бир нече машинанын терезесин таш менен чаап талкалап салышкан.

Ведомстводон түндө айылдын тургундарынын катышуусу менен эч кандай окуя катталбаганын кошумчалашты. Чүй облусунун жана Сокулуктун милициясынын кызматкерлери айылда азыр деле кайгуул кылышууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы мушташта жабыркаган эки өспүрүмдүн абалы туруктуу экенин маалымдады. Алар Бишкектин клиникалык ооруканасында жатышат — эки баланын тең баш мээси чайкалганы аныкталган.

Мушташ фактысы боюнча милиция эки баланы кармап, алар да изоляторго киргизилген.

24.kg басылмасы өзүнүн укук коргоо оргондарындагы маалымат булактарына таянуу менен Ороктогу башаламандыктарды уюштурууга жергиликтүү кеңештин депутат Кылыч Боркоев шектелип атканын кабарлады. Басылманын маалыматына ылайык, ал кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.

ИИМдин басма сөз кызматынан бул маалымат такталып жатат деп билдиришти «Клоопко».

Айрым тургундар кагылышты этникалар аралык жаңжал деп аташкан, бирок ИИМ муну улуттар аралык жаңжал катары карабоону суранууда. Орок айылында 340 үй-бүлө жашайт, калктын негизгилерин кыргыздар жана месхетин түрктөрү түзөт.

Жаңжалды токтотуу үчүн 5-июнда окуя болгон жерге милиция гана эмес, спецназ, ИИМ министри Кашкар Жунушалиев жана Түркиянын элчиси Камил Фырат барган.