Ош—Баткен—Исфана жолунун курулушунда иштегендер эки жылдан бери акчаларын ала албай жатышат. Эмне үчүн?

Чет элдик компания менен келишим түзгөн ишкерлер. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / kloop.kg

Ош—Баткен—Исфана жолун оңдоодо иштегендер түркиялык «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясына нааразычылык билдирип маалымат жыйын курушту. Алардын айтымында, 200дөй жол куруучу жана ишкер компаниядан өз кызматтары үчүн акчаларын эки жылдан бери ала албай убара тартышууда.

Жеке ишкер Советбек Байсалбеков билдиргендей, ал жолдун курулушу жүрүп жатканда бир жылдай өз каражатына күйүүчү май ташыган. Түркиялык компания менен келишим түзүлүп, акчасын ай сайын алып турмак болгон. Алгачкы айлары компания акчасын төлөп турган кийин каражат берүүнү токтоткон.

«Бир жылдай дизель күйүүчү майын ташып тургам. Акчасын бербегендиктен кийин  токтотком. Компания мага бир миллион сомдой карыз», — дейт Байсалбеков.

Эки жылдан бери айлык ала албай жол куруучулар

Ош-Баткен-Исфана жолунун куруучулары 2 жылдан бери айлык акыны ала албай жатышканына нааразы. Алардын айтымында, жолду курган компания акчаларды төлөп бербесе жолду тосууга аргасыз болушат.

Posted by Kloop кыргызча on Wednesday, June 5, 2019

Акчасын ала албай жүргөндөр буга чейин компаниянын үстүнөн Баткен облустук сотуна кайрылышканын айтышат. Бирок, алардын арызын Бишкек шаардык соту карайт деген жооп алышкан экен. Андан кийин Каржы полициясы жабырлануучу делгендерди суракка алып, ишти тергеп жатышканын билдиришкен.

Иштин учурдагы жагдайы туурасында финполдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинен «Клооптун» журналистине тактап беребиз деп убадалашып, кайра байланышканда жеткиликсиз болушту.

«Эксковатор жана суу ташуучу унаамды ижарага бергем. Эки жылдан бери акчамды ала албай жүрөм. Келишим 5 млн сомго түзүлгөн. Анын бир миллиону калган», — деп наарызы болгон дагы бир ишкер Рустамбек Режепов, эгерде тиешелүү органдар акчаларын өндүрүп беришпесе, Ош—Баткен—Исфана жолун тосушаарын айтты.

«Компаниянын банктык эсеби камакка алынган»

«Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясысынын юристи Нурбек Абдалиев «Клоопко» акчалар бир-эки айдын ичинде ишкерлерге жана жол куруучуларга берилет деп ишендирет.

«УКМК, Каржы полициясы тарабынан иш козголуп компаниянын банктык эсеби камакка алынган. Ошондуктан компания жумушчуларына айлык, ижара акы төлөп бере албай жатат. Туркиядан акча келет деп кабар беришти. Акча келсе эле баарына төлөп беребиз», — деп убадалады Абдалиев.

Транспорт жана жолдор министрлиги 2017-жылы Ош—Баткен—Исфана жолунун 33 чакырымын оңдоо боюнча тендер өткөргөн. Жолду оңдоого Ислам өнүктүрүү банкынан насыя алынган. Тендерди азербайжандык «Алке Иншаат Санайи» компаниясы утуп чыгып, жолду оңдоонун баасы 18 млн долларга бааланган. Бирок бул ишкана ушул эле жолду оңдоого «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясын туунду жалдануучу катары ишке тарткан. Долбоор 2018-жылы аягына чыгыш керек болчу. Учурда жолдун 15-20 пайызы гана бүткөн, калганы экси асфальт бузулган боюнча турат.

2015-жылы Тараз—Талас—Суусамыр жолунун 75 километрин оңдоого тендер жарыяланып, аны ушул эле компания утуп алган. Бул учурда да долбоорду ишке ашырууга туунду жалданмачы тартылган — ал «Кырыз жол курулуш» ишканасы. Жол 98 пайызга даяр болгондон кийин туунду ишкана түрк компаниясы аларга 2 млн доллардай каражат төлөп бере электигин айтып УКМКга арыз жазат. Тергөө иштери аягына чыга элек.