«Прокурордук үнү катуу тийди». Абдраимов журналист менен сүйлөшүүдөн баш тартканынын себебин айтып берди

Өкмөттүн Чүй облусунданы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов 5-июнда журналист менен анын «прокурордук үнүнөн» улам сүйлөшүүдөн баш тартканын айтты.

Бул күнү Абраимов Орок айылындагы абал боюнча комментарий берип жатып, журналист кыздардын биринин суроосуна анын «жүзү жагымсыз» экендигинен улам жооп бербесин билдирген.

«Мен да өзүмдү келбеттүү деп эсептебейм. [...] Мен Ороктун тургундары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткам. Андан кийин сары кыз “Кай жакта жүрөсүз, эмнеге кечиктиңиз, ал жакта канча мүнөт жүрдүңүз” деп сурай баштады. Мен бул менин ишим, сен мага прокурор эмессиң деп жооп бердим», — деди Абраимов.

Аткаминер журналисттен кечирим сурабасын билдирди.

«Ал мага кандай кайрылса, мен да ага ошондой жооп кылдым. Ал өтө орой түрдө сураган, прокурордук үн менен, ошондуктан ушундай жооп бердим», — деди ал.

Журналисттер менен активисттер аткаминердин мындай жүрүм-турумуна нааразы болушкан — алар 6-июнда облустук администрациясынын имаратынын алдына митингге чыгышып, Абраимовдун отставкасын талап кылышты.

Аларды администрациянын имаратына киргизишкени менен аткаминер иш-бөлмөсүндө бекинип алган. Кийинчерээк журналисттер баары бир деле андан жооп ала алышкан.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн администрациясынын башчысы Молдакун Абдылдаев журналисттерге «журналисттин тышкы келбетин, эмне кийип жүргөнүн, окуяны толук көрсөтүп, андан кийин талдаш керек» деп айтты.