«Жүзүңүз жакпай жатат». Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү журналисттин суроосуна жооп берүүдөн баш тартты

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов Орок айылындагы жаңжал тууралуу журналисттин берген суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, анын себебин журналисттин «жүзү жагымсыз экен» деген сөз менен түшүндүрдү.

«Мен “Ала-Тоо 24кө” гана жооп берем, калгандарыңа чоң рахмат. Калгандарыңарга жооп бербейм — жүзүңүз жакпайт жатат, жүзүңүз абдан жагымсыз экен», — деп жооп берген өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү журналисттин жергиликтүү диаспора менен жолугуп-жолугушпаганы тууралуу суроосуна.

Мындан кийин активисттер менен журналисттер облустук администрациянын алдына аткаминердин отставкасын талап кылып митингге чыгышты.

Чүй облусунун Орок айылындагы жаңжал 5-июнда болгон — кайым айтышуудан кийин эки өспүрүм бала үчүнчүсүнүн денесине залал тийгизген. Мындан кийин айылда эки топ жаралып, алардын бирөөсү кол салган өспүрүмдөрдүн үй-бүлөсүн көчүрүп салууну талап кылган.

Жаңжалдын натыйжасында милиция 30 ашуун адамды кармаган, бирок андан кийин барды коё берилген. Айрым тургундар кагылышты улуттар аралык жаңжал деп аташкан, бирок ИИМ муну улуттар аралык жаңжал катары карабоону суранууда.

Орок айылында 340 үй-бүлө жашайт, калктын негизгилерин кыргыздар жана месхетин түрктөрү түзөт.