Бир кадр менен: Ош аэропорту Алматадан алгачкы каттамды кабыл алды

Алмата-Ош-Алмата аба каттамынын ачылышы. Сүрөт: «Манас» аэропортунун басма сөз кызматыныкы

Ош эл аралык аэропортунда 7-июнда Алмата—Ош—Алмата аба каттамы ишке кирди. Аны казакстандык Qazaq Air авиакомпаниясы ишке ашырды.

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы ачылган каттам менен Алматадан 64 жүргүнчү Ош шаарына учуп келди. Саамалык майрамдык салтанат менен коштолуп, ага аэропорт жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.

Эки өлкөнүн экинчи борборлорун байланыштырган аба каттамы жума жана жекшемби күндөрү учуп турмакчы.

Билеттин баасы 3 миң сомдун тегерегинде болуп, учуу убактысы 65 мүнөткө созулат.