Сот юстиция министрлигине маалымат базадан КСДПнын жетекчисин алмаштырууга тыюу салды

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан «Клооптун» журналистине билдиришкендей, «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахмановдун КСДПга доосу каралып жаткандыктан, юстиция министрлигине партия тууралуу кайдайдыр бир маалыматты базадан өзгөртүүгө тыюу салынган.

Абдрахманов партияны Атамбаевдин жетекчилиги алдында 6-апрелде өткөн КСДПнын съезди жараксыз деп табылсын деген арыз менен сотко берген.

«Соттун аныктамасында кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынган деп айтылган», — деп айтышты ведомстводон.

Бирок юстиция министрлигинен сот тарабынын мындай тыюу салуусунун себебин түшүндүрүп бере алышкан жок.

Абдрахманов юстиция министрлигинин маалымат базасында 18-апрелде КСДПнын башчысы болуп калган — анда ведомство партиянын жетекчиси тууралуу маалыматты анын арызы боюнча өзгөрткөн. Ага чейин маалымат базасында партиянын башчысы экс-президент Алмазбек Атамбаев болуп турган.

Экс-президент башкы прокуратурага кайрылып юстиция министрлигинин кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну талап кылган. Ошол эле маалда Атамбаев 25-майда КСДПнын төрагалык кызматынан кетип, өзүнүн партиядагы мүчөлүгүн токтоткон — төраганын милдеттерин үч ай бою депутат Асел Кодуранова аткармакчы.

Бул «Президенттин ишмердигинин кепилдиги тууралуу» мыйзамындагы өзгөрүүлөрдүн айынан болгон. Ага ылайык, эгер Атамбаев саясий кызматтарда отурса, ал өз кол тийбестигинен ажырап калышы мүмкүн. Ал ошондой эле кылмыш иштин фигуранты болуп калышы ыктымал. КСДП мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдүн үстүнөн даттанат.

Мунун баары мурдагы өлкө башчысынын өзүнүн мураскери Сооронбай Жээнбеков менен болгон араздашуусунун шартында болууда. Саясатчылардын ортосундагы араздашуунун айынан өлкөнүн эң ири КСДП партиясы бир нечеге бөлүккө ыдырап кеткен. Партиянын бир бөлүгү Атамбаевди колдосо, экинчи бөлүгү, тагыраагы, дээрлик бүткүл парламенттик фракциясы Жээнбековду колдойт.