Бишкек шаардык кеңеши 3000 долларга фотоаппарат сатып алгысы келет

Бишкек шаардык кеңеши 240 миң сомго (3,4 миң доллар) жаңы фотоаппарат сатып алууга тендер жарыялады. Шаардык кеңештен мындай чечимди журналисттер сайтка чыгарылган сүрөттөрдүн сапатына арызданып жатышкандыгы менен түшүндүрүштү.

«Биз колдонуп жүргөн фотоаппаратка беш жылдан ашты. Журналисттер фотоаппарат сатып алгыла деп өздөрү суранышкан, анткени алар сүрөттөрдүн сапаты начар болуп атканына арызданышкан», — деп айтышты шаардык кеңештин басма сөз кызматынан.

Билдирме тапшыруунун мөөнөтү — 13-июнь. Шаардык кеңеш бул жылы ушундай эле баада фотоаппарат сатып алууга эки жолу тендер жарыялаган. Бирок тендер техникалык катачылыктардан улам жокко чыгарылган.