Акыйкатчы соттон Салянованы үй камагына которууну суранды

Акыйкатчы Токон Мамытов 12-июнда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын ТИЗОго камакка алуудан үй камагына чыгарууга өзгөртүү суранычы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды.

Мамытов Салянова башка иш боюнча жаза өтөө мөөнөтү жылдырылып соттолгонун, ошондуктан ал Кыргызстандан кетүүгө укугу жок экенин жана бул аны ТИЗОго киргизүүнү «милдеттүү» кылбасын билдирди. Акыйкатчы кошумчалагандай, ошондой эле Салянова жүрөк оорусуна даттанган. Салянованын кичинекей кызы бар — сот дал ушул жагдайды эске алуу менен мурдагы башкы прокурордун жаза өтөө мөөнөтүн жылдырган болчу.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча шектүү болуп, 4-июнда изоляторго киргизилген.

Ал 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин жасалма «лейкоз» диагнозу менен бошотулушуна тиешеси бар делип айыпталууда. Бирок ал өзү бул айыптоолорду четке кагууда — анын айтымында, ал Батукаевди бошотушкандыгы тууралуу кримтөбөл Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин билген.


Батукаевди бошотуу тууралуу иши боюнча бийлик тарабынан экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева үй камагында жатат, андан тышкары, Батукаевге лейкоз диагнозун коюшкан врачтар кармалган.

Көптөгөн аткаминерлер, анын ичинде парламенттин депутаттары да экс-президент Алмазбек Атамбаевди Азиз Батукаевдин бошотулушунун артында турган деп айыпташууда.