Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган эмес — ЖКККББнын сайтына бузуп кирүү болгон

Алмазбек Атамбаев. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 11-июнда айдоочулук күбөлүктөн ажыраган адамдардын тизмесине түшүп калган. Тизме Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) сайтында жарыяланган. Документке ылайык, Атамбаев 5-майда Административдик кодекстин «Унааны мас абалында башкаруу» 238-беренеси боюнча айдоочулук күбөлүгүнөн ажыраган.

ЖКККББнын сайтынан алынган скриншот

Бирок бир нече сааттан кийин ЖКККББнын басма сөз кызматы бул маалыматтты четке какты — алар 238-берене (унааны мас абалда башкаруу) 2018-жылдын декабрына чейин күчүндө болгонун айтышууда. Учурда бул берене акционерлердин жалпы чогулушун бузууну болжолдойт, өз кезегинде мунун жол кыймылынын эрежелери менен эч кандай байланышы жок.

«ЖКККББнын сайтын бузуп кирүү жана ага туура эмес маалыматты жайгаштыруу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.