Парламенттин 40 депутаты Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууну колдоду

Бул тууралуу депутат Канатбек Исаев билдирди.

«40 добуш бар. Бул тууралуу мен стенограмма үчүн сизге [спикер Жумабеков] расмий түрдө билдирейин деп чечтим. Чечимди тийиштүү комитетке жөнөтүшүңүз үчүн сизге өткөрүп берем», — деп келтирет Исаевдин айткандарын Kaktus.Media.

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков бул билдирүүгө жооп бербей тыныгуу жарыялады.

Мурдараак депутаттар Атамбаевди «чимкирик парламент» тууралуу айткандары үчүн сынга алып, ал акыркы жолу 8-июнда өз тарапкерлерин колдоо митинги учурунда жалган айтканын билдиришти.

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева «эл экс-президентти камакка алууга жол бербейт» деп билдирди.

«Башкалар жашынып жаткан кезде [Атамбаев] бүгүн бийликке ачык каршы чыгып жаткан жападан-жалгыз саясатчы. Бирок эгер бийликке отту тутандыргысы келсе, анда аларга жол болсун», — деп жазган Жолдубаева.

16-майда президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу механизми тууралуу мыйзамга кол койгон. Документ жаңы процедураны киргизет жана ага ылайык, мамлекеттин мурдагы башчысы сот адилеттигинин алдында коргоодон ажыратылышы мүмкүн, демек жоопкерчиликке тартылышы да мүмкүн — бирок ал президент болуп турган кездеги иштери үчүн гана.

Ошондой эле мыйзам мурдагы президенттерге саясий ишмердик кылууга тыюу салат, мисалы, партияны башкарууга же анын мүчөсү болууга — бул үчүн алар өмүрлөрүнүн аягына чейинки мамлекеттик материалдык колдоодон ажырап калуулары мүмкүн.

Кыргызстанда экс-президент макамына ээ эки адам бар — Кыргызстанды 2010-жылы апрель революциясынан кийин башкарган Роза Отунбаева жана 2011-жылы алты жылга шайланган Алмазбек Атамбаев.