Парламенттин спикери: Матраимовдор «элге кызмат кылышат»

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков

Жогорку Кеңештин спикери 12-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаедин «чимкирик» парламент тууралуу айткан сөздөрүнө жооп кайтарды.

Жумабеков мурдагы өлкө башчысынын жакын адамдары да 1-майда парламенттин депутаттары сыяктуу эле Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тоюна барып жүрүшкөнүн билдирди. Спикердин айтымында, аткаминерлер Матраимовдордун тоюна бул «үй-бүлө элге кызмат кылгандыктан» барышат.

«Кара-Суу элинин, Матраимовдордун артынан сиз партияңыз үчүн 40-50, 100 миңдеген добуш албадыңызбы, өзүңүздүн президенттик шайлоого добуш албадыңызбы! Эмнеге ошону айтпайсыз, Алмазбек Шаршенович?» — деп кыжырданды Жумабеков.

Атамбаев 8-июнда коррупцияга каршы митингде «Жээнбеков-Матраимовдор» кланы кызматтарга өз адамдарын дайындашат, ал эми УКМК «кландын кызыкчылыктарын» коргоп, «улуттук кызыкчылыкка» коркунуч туудуруп жатат деп билдирген.

Экс-президент кландар деп Матраимовдордун жана президент Соороонбай Жээнбековдун үй-бүлөсүн айткысы келген. Бир тууган Матраимовдордун төртөөсү мамкызматта иштешет же иштешкен, ал эми бир тууган Жээнбековдордун экөөсү да мамкызматкерлер, анын ичинде президенттин кичүү иниси Асылбек Жээнбеков — парламенттин депутаты.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнө көңүл буруу «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин күчөй баштаган. Иликтөөдө алардын Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылып кетишине тиешелери бар болушу мүмкүндүгү айтылат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев финполго беш ай мурда эле башталган бир тууган Матраимовдордун бирөөсүнүн мүлкүн текшерүүнү тездетүүнү эки жолу тапшырганы менен тергөө азырынча эч кандай алдын ала жыйынтыктарды бере элек.