Бишкек мэриясы эски имараттын тышын ШКУнун саммитине карата «айла кеткендиктен» баннер менен жапкан

Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев түшүндүрүп бергендей, шаардык бийлик калаанын борбордук Киев көчөсүндөгү шыбактары түшүп бараткан имараттын маңдай жагын Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) отурумуна чет өлкөлүк саясатчылардын келишине карата жаап койгон.

«Эми бийлик, мэрия деп урушуп атасыздар. Чыдайлы, туруп берели. Бирок эмне үчүн? Эмне күнөөбүз үчүн? Айла кеткенде жаба туралы дедик. Дагы кандай кылабыз?» — деп жазган Түлөбаев.

Анын айтымында, имарат жеке менчикте жана мэрия үйдүн жашоочуларынан эки жылдан бери тышын оңдоону суранып келет, алтургай анын баасынын жарымын төлөп берүүнү сунуштаган. Бирок жашоочулар калган 3 млн сомду төлөп берүүгө мүмкүнчүлүктөрү жоктугун билдиришкен.

Бишкектин бийлиги шаарды ШКУнун жыйынына даярдоо учурунда калаанын борбордук көчөлөрүнө бутактарына гүл отургузулган чөйчөктөр илинген бак түрүндөгү темир инсталляцияларды орноткон, ал үчүн шаардыктар мэрияны сынга алышкан. Ошондой эле «Манас» аэропортунда оңдоп-түзөө иштери жүрүп, эмеректери алмаштырылган.

ШКУнун саммити Бишкекте 13-16-июнда өтөт. Ага 12 өлкөнүн башчылары катышат — саммиттин аянтчасында президенттер эл аралык кызматташтыкты жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймактагы маселелерин талкуулайт.