Ош: Сейил бактын тепкичин талкалаган тургунга 7500 сом айып пул салынды

Белгисиз тургун жеңил унаасы менен тепкичтен түшүп жатат. Видеодон алынган скриншот

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов эс алуу багынын тепкичин унаасы менен талкалаган тургун 7500 сом айып пулга жыгылды. Ал эми паркка келтирилген зыян үчүн 4500 сом төлөмөй болду.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басмас сөз катчысы Абсаттар Тавакалов «Клоопко» билдиргендей, 21 жаштагы тургунга Бузуулар жөнүндөгү кодекстин «Автоээнбаштык» беренесинин негизинде 7500 сом айып пул салынган. Ал эми «Токтогул» сейил багындагы тепкичкерге келтирилген зыяндын суммасы 4 миң 500 сомду түзгөн.

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы парктын тепкичтери 10-июнга караган түнү талкаланган. Белгисиз тургун Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машинасы менен сейил бактын тепкичинен түшүп жатканы көзөмөл камерага тартылып калган.

Жергиликтүү бийлик эртеси күнү тасманы коомдук тармактарга жарыялап, укук коргоо органдарынан күнөөкөрдү табууну суранган. Ошол эле күнү милиционерлер айдоочуну кармаган. Ал Кара-Суу районунун 21 жаштагы тургуну болуп чыккан. Өз көрсөтмөсүндө жигит күнөөнү мойнуна алып, бардык чыгымдарды төлөп берүүнү убадалаган.