Улуттук гвардиянын кызматкеринин күбөлүгү менен тапанча алып жүргөн киши милицияга өз эрки менен келди

Бишкек ШИИБи маалымдагандай, ал киши милиция бөлүмүнө 14-июнда келген. Анын айтымында, окуя 13-июнь күнү кечинде Аламүдүн суу сактагычынын аймагында болгон.

«Ага белгисиз төрт эркек киши менен аял келип асылышкан. Ал чоочуп кетип аскер кызматкеринин кызматтык күбөлүгүн көрсөткөн», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Видеодогу киши кошумчалагандай, ал алып чыккан тапанча — оюнчук болчу жана аны беркилер ага асылганын токтотуулары үчүн көрсөткөн.

«Ошол эле учурда ал эч качан ички иштер органдарында иштебегенин айтып, өзүн аймактык милиционер катары тааныштырууга аргасыз болгону үчүн кечирим сурады», — деп билдиришти милициядан.

Анткени менен бул киши 2016-2017-жылдары чын эле Улуттук гвардияда кызмат өтөгөн, бирок ал кызматтык күбөлүгүн өткөрүп берген эмес, ал эми документтин мөөнөтү 2018-жылы эле бүткөн.

Бишкек милициясы бул окуянын бардык чоо-жайын аныктап жатат.

14-июнда коомдук тармактарда эки адам рулунда мас адам отурган машинаны токтотушканы тартылган видео жарыяланган. Видеого тартып жаткан адам менен сүйлөшүү учурунда унаа башкарган адам Улуттук гвардиянын кызматкеринин күбөлүгүн көрсөткөн.

Күбөлөр аны укук коргоо органдарынын кызматкери өзүн мындай алып жүрбөшү керектигин айтып, уяткарууга аракет кылышкандан кийин ал тапанчасын алып чыгып, «Бизге баары бир да, канчык, блядь, атабыз!» деп айткан.

ТЕМА БОЮНЧА: