Видео: Улуттук гвардиянын кызматкеринин күбөлүгүн алып жүргөн мас абалындагы адам тапанча менен рулда — ИИМ текшерүү ишин баштады

Фейсбуктун колдонуучулары 14-июнда видео жарыялашты. Видеодон эки адам унааны мас абалында башкарып бараткан адамды токтотушканын көрүүгө болот. Видеого тартып жаткан адам менен сүйлөшүү учурунда унаа башкарган адам Улуттук гвардиянын кызматкеринин күбөлүгүн көрсөткөн.

Кызматтык күбөлүктө унаанын ээсинин аты Жеңишбек Тынчтыкбек уулу жана ал Кыргызстандын улуттук гвардиясында ротанын улуу старшинасы экени жазылган. Бирок айдоочу өзүн Абдрахмановмун деп тааныштырган.

Ал досу менен балык уулоого келгенин айткан, бирок кийин ал жерде балык кармоого тыюу салынганын билген.

Бул кайсы «блатной»? Кызматтык күбөлүк менен тапанча көтөрсө эле ушинтип калабы?

Posted by Bakyt Kaalaim on Thursday, June 13, 2019

«Көрсө бул жерде болбойт экен. Бүттү, биз кетебиз. Эми, мен кызуумун», — деп ырастаган ал.

«Бишкек шаарынын укук коргоо органдары мына ушинтип иштешет», — деп айдоочунун жоругуна комментарий берген видеого тарткан адам.

Күбөлөр аны укук коргоо органдарынын кызматкери өзүн мындай алып жүрбөшү керектигин айтып, уяткарууга аракет кылышкандан кийин ал тапанчасын алып чыгып, «Бизге баары бир да, канчык, блядь, атабыз!» деп айткан.

«Тууган, эмне эми тартып жатасың? [...] Өчүрүп салчы эми», — деп суранган ал оператордон.

Мындан кийин киши белгисиз багытта кетип калган. Видеодон окуя так качан жана кайсыл жерде болгону белгисиз.

Башкы штабдын басма сөз кызматынан, аларда Жеңишбек Тынчтыкбек уулу аттуу адам иштебесин билдиришти. Алардын айтымында, видеодогу адамдын күбөлүгү жасалма, ошондой эле сержанттарга курал берилбейт.

«Биз видеодогу адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен ИИМге сурам жөнөттүк», — деп билдиришти Башкы штабдан.

Бишкек ШИИБинен да видеодогу киши алардын кызматкери экенин төгүнгө чыгарышып, бирок бул адамды издеп башташканын маалымдашты. ИИМ текшерүүнү баштады.