КСДП: Атамбаев Кыргызстандан кетпейт

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдиргендей, экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөн чыгып кетүүгө камынган жок.

«Алмазбек Атамбаев өлкөдө эле жүрөт. Ал эч жакка кетүүнү пландабай эле», — деди Жолдубаева.

Анын айтымында, мурдагы президент депутаттык комиссиянын айыптоолорунун бардык пунктары боюнча жооп берүүгө жана эгер чакырышса парламенттин алдына чыгып сүйлөөгө даяр.

«Саясий айдыңда болуп аткандын бардыгы Атамбаевдин саясий талаадан сүрүп чыгаруу үчүн жасалып жатат, анткени ал бийликтин учурдагы жападан-жалгыз каршылашы», — деди КСДПнын төрайымы Асел Кодуранова.

Парламенттин депутаттары комиссияны экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу жана аны жоопкерчиликке тартуу үчүн июндун ортосунда түзүшкөн.

Комиссия 17-июнда экс-президентти кылмыш кылууга барган жана Бишкек ЖЭБди жаңыртуу сыяктуу тергелип жаткан кылмыш иштерине тиешеси бар деп айтыптаган. Депутаттар өздөрүнүн Атамбаевге каршы коё турушкан айыптарынын акыркы тизмесин 18-июнда түштөн кийин ачыктаганы турушат.

Атамбаевди анын учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен болуп аткан араздашуусунун шартында кол тийбестиктен ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартууну көздөшүүдө.

Бул Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратууну шарттаган механизмдери бар мыйзам долбооруна кол койгондон кийин мүмкүн болду.