Парламенттин комитети Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу идеясын колдоду

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Жогорку Кеңештин комитети депутаттардын экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу идеясын колдоду.

Алгач депутаттар Атамбаевге каршы тогуз айып тагышкан, бирок кийин алтыга чейин кыскартышкан. Алар Атамбаев президент болуп турган кездеги ага тиешелүү болгон иштерди гана алууну чечишкен.

Комиссия 17-июнда экс-президентти кылмыш кылууга барган жана Бишкек ЖЭБди жаңыртуу, андан тышкары, тарых музейин реконструкциялоо сыяктуу учурда тергелип жаткан кылмыш иштерине тиешеси бар деп айтыптаган.

Депутаттар өздөрүнүн Атамбаевге каршы коё турушкан айыптарынын акыркы тизмесин 18-июнда кечинде ачыктаганы турушат.

КСДП Атамбаев өзүнө карата тагылган айыптоолордун айынан өлкөдөн чыгууга камынбаганын билдирген. Партиядан кошумчалашкандай, эгер парламент экс-президентти чакырышса, ал алардын алдында чыгып суроолорго жооп берүүгө даяр.

Бул Атамбаевдин учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен болуп аткан тирешүүсүнүн шартында болууда. Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратууну шарттаган механизмдери бар мыйзам долбооруна кол койгон.