Жалал-Абадда аялдарга жана балдарга жардам көрсөткөн кризистик борбор ачылат

Жалал-Абад шаарында сентябрда Good Neighbors эл аралык уюмунун каржылык колдоосу менен кризистик борбор ишке кирет. Ал калаадагы №7 мектептин имаратында жайгашып, зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга консультациялык жардам көрсөтөт.

«Борбордо иштеген кызматкерлердин айлык маянасы жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Жабыркагандарга юридикалык, психологиялык жактан көмөк көрсөтүү каралган», — деп билдирди мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков.

Good Neighbors эл аралык жана гуманитардык көз карандысыз уюм болуп эсептелет. Ал 1991-жылы түптөлүп, дүйнөнүн 37 өлкөсүндө иш алып барат. Уюм билим берүү, саламаттык сактоо жана жашоо сапатын жакшыртуу багыттарында ар кандай долбоорлорду ишке ашырып келет.