НТС Бекназаровдун Райымбек Матраимов жөнүндө интервьюсун көрсөтүүдөн баш тартты

«Бийликтин сырлары» берүүсүнүн алып баруучусу Бермет Букашева бул тууралуу өзүнүн фейсбук барагында билдирген. Ал телеканалдын иш-аракетин телеберүүнү «үзгүлтүккө учуратуу» деп атаган.

Букашеванын айтымында, бул анын экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров менен курган маегинен улам болгон. Телеберүүдө бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жөнүндө «кызыктуу маалыматтар көп болгон».

«Каналды жакырданта турган миллиондук дооматтардан коркушаарын айтышты [...] Журналисттик коомчулук менен жарандык активисттерди жана көз карандысыз медиаларды ЖМКлардын өзүн-өзү цензуралашына каршы тилектештик көрсөтүүгө жана биздин өлкөдө бардыгын эле сатып алууга болбосун далилдөөнү суранам», — деп жазган Букашева.

Кийинчерээк анын сынына НТС телеканалынын башчысы Миржан Балыбаев жооп берди. Ал эфирден «Бийликтин сырлары» программасынын Бекназаров катышкан эпизодун алуу чечимин өзү кабыл алганын билдирди.

«Интервьюнун 26-мүнөтүнөн баштап бир катар адамдардын дарегине карата оор кылмыштар боюнча айыптоолор айтылат. Бирок алардын бул кылмыштарда күнөөлөрү сот тарабынан аныкталбагандыктан — бул айыптоолор далилсиз болуп саналат жана НТС расмий катталган ЖМК катары сот тарабынан оор кылмыштар боюнча далилденбеген маалыматтарды чыгара албайт», — деп билдирди Балыбаев.

Буга чейин Райымбек Матраимов жана анын үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү «Азаттыктын» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылгандыгы тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн каармандары болушкан. Иликтөөнүн авторунун ою боюнча, буга Матраимовдор тиешелүү болушу мүмкүн.

Парламенттин депутаты Искендер Матраимов иликтөөнү «буйрутма» деп атап, журналисттер «көптөгөн так эместиктерди жана чоңойтууларды» кетиришкенин айткан.

«5-каналдын» журналисти Элнура Алканова 15-июнда сюжет чыгарып, анда ал «Азаттыктын» журналисттеринин кээ бир документтерин анык эмес деп билдирген. Иликтөөнүн автору Али Токтакунов буга жооп кылып Алканованын репортажын «сапатсыз» деп атаган.