Москва: Милиция массалык мушташ боюнча эки кыргызстандыкты кармады

Иллюстративдик сүрөт. Булагы: RFE / RL

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдагандай, Москванын милициясы массалык мушташтан улам эки кыргызстандыкты кармады. Бул маалыматты Кыргызстандын ТИМи Орусиянын укук коргоо органдарына таянып кабарлаган.

Москвадагы массалык мушташ 19-июнь күнү эртең менен «Электрозаводская» метро бекетинин кире беришинде болгон. Мушташка 10го чукул адам катышып, алардын ичинен үчөө жарадар болгон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, мушташтын кесепетинен бир кыргызстандык бычак жеп, жарадар болуп каза тапкан.

Москва полициясы «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Орус ЖМКлары мушташка катышкан болушу ыктымал адамдар Борбор Азиянын атуулдары болушу мүмкүндүгүн жана алар «Ысык-Көл» ресторанында эс алып жатышканын билдиришкен.