Кара-Сууда мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылды

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү ресурстук борбор. Сүрөт: «Улыбка» коомдук фонду

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө 24-июнда мигранттар үчүн ресурстук борбор ишке кирди. Анын максаты миграциялык коопсуздукту камсыздоо боюнча мигранттарга кеңеш берүү жана адам сатууга каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Борборго кайрылгандар социалдык кызматтар туурасында, жумушка орношуу, адам сатуууга каршы жана миграциялык коопсуздук боюнча суроолорго жооп ала алышат.

Мигранттар үчүн ресурстук борбор Миграция боюнча эл аралык уюмдун жана «Улыбка» коомдук фондунун каржылоосу менен пилоттук негизде Ош облусунун Кара-Суу району менен Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ачылды.

Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, 2018-жылы 750 миңге чукул Кыргызстандын жараны чет өлкөдө расмий каттоого алынган. Алардын 640 миңи Орусия мамлекеттинде иштеп жашагандар.