Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу: Башкы прокуратура парламентке өз корутундусун жөнөттү

Депутат Талант Мамытов 25-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча парламенттик комиссияга Башкы прокуратуранын корутундусу келип түшкөнүн билдирди.

Мамытов Башкы прокуратуранын корутундусун бүткүл парламенттин кароосуна чыгаруу үчүн конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттен кароону сунуштады. Парламенттин отуруму 25 жана 27-июндарда өтөт.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин башчысы Наталья Никитенко комитет Башкы прокуратуранын чечимин 25-июнда караарын билдирди.

«Бүгүн биздин комитет корутундуну карап чыгат. Кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу мыйзам боюнча мөөнөт жок. Жогорку чек бар, ага ылайык, Башкы прокуратура 3 айдан ашпаган убакытта атайын комиссия жөнөткөн чечимди карап чыгышы керек. Ал эми төмөнкү чек көрсөтүлгөн эмес. Регламент жана Баш мыйзам боюнча комитет бүгүн аталган маселени карап чыгат», — деп келтирет анын айткандары 24.kg маалымат агенттиги.

Юрист Замир Жоошев «Клоопко» маалымадагандай, кол тийбестиктен ажыратуу процедурасы эгер Башкы прокуратуранын корутундусу оң жана парламент аны жактырган болсо аягына чыгат.

«Эгер Башкы прокуратуранын корутундусу ишенерлик болсо, [шаршемби же бейшембиде] пленардык отурумда Жогорку Кеңеш кол тийбестикти алуу үчүн добуш бериши керек. Эгер эң эле аз дегенде 80 депутат макул деген добуш беришсе, кол тийбестик алынат», — деди юрист.

Парламент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депкомиссиянын кортундусун Башкы прокуратурага 20-июнда жөнөткөн. Атамбаев бул артыкчылыктан ажыратылгандан кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүн болот.

Депутаттар Атамбаевди ЖЭБди жаңыртуудагы коррупцияга, жерлерди мыйзамсыз алууга, жана ошондой эле кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыпташууда.

Мунун бардыгы Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы узакка созулуп кеткен чырдашуунун шартында болууда.