Бишкектин экс-мэри Түлеев Атамбаевдин иши боюнча сурак берди

Мурдагы мэр Нариман Түлеев Башкы прокуратурага суракка чакырылган. Бул тууралуу анын кызы Назгүл билдирген. Түлеев менен тергөөчүлөрдүн ортосундагы сүйлөшүү эмне жөнүндө болгону белгисиз.

Мурдараак Түлеев депутаттарга 2011-жылы шайлоо кампаниясы үчүн Атамбаевге карызга 500 миң доллар бергенин айткан кат жөнөткөн. Ошондой эле ал Атамбаевдин командасы «аны коррупцияга каршы күрөштүн урааны менен тоногонун» кошумчалаган.

24-июнда башкы көзөмөл органына Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө депутаттык корутунду келип түшкөн. Ал бул артыкчылыкка президенттик кызматтан кеткенден кийин ээ болгон.

Анткени менен Башкы прокуратурадан корутунду боюнча чечим качан чыгаарын айтуудан баш тартышты.

Ошондой эле сот Алмазбек Атамбаевдин, анын жубайынын жана балдарынын банктык эсептерин текшерүүнү буйруган.

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу

20-июнда парламент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу демилгени колдоп берген. Депутаттар Атамбаевди бийликти узурпациялоого, ЖЭБди жаңыртуудагы коррупцияга, кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга жана башка мыйзам бузуулар боюнча айыпташкан.

Атамбаев өзү учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков анын «оозун жабуу үчүн башка ыкма таппай турат», ошондуктан «ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча мыйзамсыз соттоону» чечкен деп билдирген.

Парламент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууну анын ордуна президенттик кызматка келген Сооронбай Жээнбеков менен араздашуусунун шартында чечкен. Саясатчылардын тиреши бир жарым жылдан ашуун убакыттан бери уланууда.