Финпол журналист Токтакуновдон өлкөдөн чыгарылган 700 млн $ боюнча бардык документтерди сурады

Али Токтакунов. «Азаттыктын» иликтөөсүнөн алынган скриншот.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финпол) «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновго кайрылып, Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылганын тастыктаган бардык банктык документтерди тергөөгө берүүнү суранды.

Токтакунов материалда акчалардын өлкөдөн чыгарылышына Ошто эң эле бай жана таасирлүү үй-бүлөлөрдүн бири деп эсептелген Матраимовдордун тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Финполдон билдиришкендей, Бишкектин Биринчи май райондук соту тергөөчүлөргө Токтакуновдон да, «Азаттыктан» да документтерди алууга уруксат берди.

«18-июнда айтылган материалдардын бир бөлүгү гана финполдун тергөөсүнө берилген, тагыраагы, 4 млн доллардык төлөмдөр боюнча сегиз документтин көчүрмөлөрү [...] тергөө журналисттин иликтөөсүндө көрсөтүлгөн керектүү материалдарды алигече ала элек», — деп айтылат финполициянын катында.

Тергөөчүлөр ошондой эле, Кыргызстандан 200 млн доллардан ашуун акчанын чыгарылып кетиши тууралуу банктык документтердин түп нускаларын аларга берише электигин билдиришти.

«Аталган факт көрсөтүлгөн жагдайлар изилдөө менен чечимдерди кабыл алуу үчүн айрым тоскоолдуктарды жаратууда. Финпол Кыргызстандын мыйзамдарында көрсөтүлгөндөй Али Токтакуновго өз милдетин аткарып, тергөөгө жардам берүүсүн [өтүнүп] кайрылат», — деп айтылган финполдун билдирүүсүндө.

Кызматтан текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча алдын ала корутундуну «жакынкы убакта» берүүнү убадалашкан. Мунун себебин тергөөчүлөр «көп сандагы документтерди талдап жатышат» деп түшүндүрүшкөн.

«Азаттыктын» иликтөөсү

«Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов 29-майда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылып кетишине тиешеси бар болушу ыктымалдыгы тууралуу иликтөө чыгарган.

Парламенттин депутаты Искендер Матраимов иликтөөнү анын үй-бүлөсүнө каршы «буйрутма» деп атап, анын кайрымдуулук фондуна акча которгон кишилер менен тааныш эместигин билдирген.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттик иликтөөдөгү маалыматтарды текшерүү боюнча тапшырма берген. Ал эми финпол «Азаттыктын» Кыргызстандан чыгарылган акчалар боюнча маалыматтарды изилдөө үчүн иликтөөчү топ түзгөн.

Мамфинчалгындоо 6-июнда Айэркен Саймаити Кыргызстандан чет өлкөгө 700 АКШ долларын чыгарып кеткендигин тастыктады.

Бирок мекемеден «Азаттыктын» Матраимовдор башкарган фондго 2,3 млн АКШ доллары которулгандыгы боюнча маалыматын четке кагышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча фондго 199 миң АКШ доллары гана келип түшкөн. Ушундай эле сумманы Искендер Матраимов да айткан.