Каракол: Шаардын 150 жылдыгына карата калаа бийлиги 1,5 тонна ашлям-фу даярдайт

Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бул тууратуу фейсбук барагында билдирген.

«Гиннес, жаңы рекордду жазганга даярдан. 1,5 тонна, жада калса мындан да көбүрөөк. Тынчтангыла! Бардыгына жетет», — деп айтылат иш-чаранын жарыясында.

Шаар күнүнө карата майрам 1-июлда Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта өтөт. Ашлям-фу фестивалынан сырткары, майрамга Караколдун ардактуу жараны — белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков катышат.

Мындан тышкары, бийлик «Адем» бий тобунун, анын ичинде кыргыз эстрада жылдыздары Гүлнур Сатылганова, Актан Исабаев жана башка ырчылардын катышуусундагы концерт өткөрүүнү убада кылууда.

Улуттук статистикалык комитеттин 2019-жылга карата маалыматына ылайык, Каракол шаарында 76 миңден ашуун адам жашайт.