Ош: Сот «Аманбанкты» жабырлануучуларга аманаттарын кайтарып берүүгө милдеттендирди

2018-жылдын ноябрь айы. «Аманбанктын» Куршабдагы сактык кассанын алдына нааразычылыкка чыккандар. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош облустук соту 25-июнда «Аманбанктын» Куршабдагы сактык кассасынын башчысы Жеңишбек Абдыкадыровду «Алдамчылык» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.

Ал 10 жылга эркинен ажыратылып, сот «Аманбанкты» жабырлануучулардын депозиттерин кайтарып берүүгө милдеттендирди. Облустук соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Клоопко» нааразы тарап Жогорку сотко даттанууга укуктуу экендигин кошумчалады.

Өзгөн районунун 30га жакын тургуну аманаттарын «Аманбанктын» Куршабдагы сактык кассасынан 2018-жылдан бери ала албай келишкен.

Каржы полициясы Абдыкадыровго каршы 2018-жылдын 18-сентябрында кылмыш ишин козгогон. Мекеме Абдыкадыров жасалма аманат китепчесин жана келишим барагын колдонуу менен тургундардын каражаттарын өзүнө ыйгарып алганын аныктаган. Жабырлануучулардын берген аманаттары 13 млн сомдон ашуун каражатты түзөөрү айтылган.

Тема боюнча: Оштун тургундары «Аманбанктагы» 13 млн сомдой аманаттарын алты айдан бери ала албай убара