УКМК: Оштон Бишкекке куралдуу күчтөрдүн келиши тууралуу маалымат фейк

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) коомдук тармактарда тарап жаткан Оштон куралдуу спецназ келди деген маалыматты чындыкка коошпойт деп билдирди.

«УКМК атайын бөлүктөрдүн катышуусу менен кандайдыр бир атайын операцияларды же жүрүүлөрдү өткөргөн жок. Комитет аталган маалыматты “фейк” жана өлкөнүн коомдук-саясий кырдаалын чыңалтуу аракети катары баалайт», — деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Учурда УКМКнын кызматкерлери бул маалыматты тараткандарды издеп жатышат.

17-июнда фейсбуктагы «БеспределKG» тайпасында «“Альфанын” Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери» Бишкекке келишти деген маалымат тараган. Материал жарык көрөөр алдында аталган постту 144 колдонуучу бөлүшүүгө жетишкен.

Бишкектин кээ бир тургундары да социалдык тармактарда шаардагы аскердик техникалардын сүрөттөрүн жарыялашкан. Брондолгон аскер машиналарынын пайда болушу эмнеге байланыштуу экени белгисиз. Бирок алар Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын отурумунун коопсуздугун камсыздоо үчүн алынып келиниши мүмкүн.

Бул экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кырдаалдын оорлошуп кеткенинин шартында болууда. Башкы прокуратура менен парламент мурдагы президентке өлкөнүн башчысы болуп турганда кылмыш жасаган деген айыптарды таккан.

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жүздөгөн тарапкерлери чогулушууда. Экс-президенттин хан сарайынын жанына боз үйлөр тигилген, ал эми ЖМКлар үйдүн алдына бетон тосмолору орнотулуп, таштар алынып келингенин жазышкан. КСДПнын өкүлдөрү таштар фундамент куюу үчүн керектигин билдиришкен.

Парламенттин депутаттары Атамбаевди Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупцияга, жерлерди мыйзамсыз алууга жана 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна айыптап жатышат.

Башкы прокуратура парламенттин айыптарын колдогон. Депутаттар эми Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында карап чыгуулары керек.

Мунун бардыгы Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы созулуп кеткен араздашуунун шартында болууда.