«Азаттык» 700 млн $ чыгарылышы тууралуу негизги документтерди бербей тергөөнүн ишин кечиктирип жатат — финпол

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финпол) маалымдагандай, «Азаттыктын» журналисттери 700 млн доллардын чыгарылышы тууралуу иликтөө боюнча негизги документтерди тергөөгө дагы деле бере элек. Ал иликтөөдө бул акчаларга Матраимовдордун үй-бүлөсү тиешелүү болушу мүмкүн деп айтылган.

Бул документтердин жоктугунун айынан финпол «керектүү болгон сотко чейинки иш-чараларды өткөрө албай жатат».

«Финпол “Азаттыктын” журналисти Али Токтакунов анын иликтөөсүндө көрсөтүлгөн банк документтеринин түп нускасын берүүнү кечеңдетип, пассивдүү абалдын жаралып жатканы тууралуу суроо салат», — деп билдирди каржы полициянын басма сөз кызматы.

Ведомстводон Биринчи май райондук соту «Азаттыктан» документтерди алууга уруксат бергенин кошумчалашты. Бирок басылма документтердин айрым бир бөлүгүн гана берген, анын ичинде Кыргызстандан 200 млн доллар чыгарылганы боюнча банк төлөмдөрүнүн түп нускалары жок.

Финпол тергөө аталган иш боюнча «чындыкты орнотууну тездетүүгө» кызыктар экенин жана журналист Токтокуновдон жана «Азаттыктан» конструктивдүү кызматташтыкка ишенишкенин билдиришти.

Мекеме эки күн ичинде «Азаттык» иликтөөдө колдонулган документтерди бербей жатат деп экинчи жолу билдирүү таратууда.

«Азаттык» үналгысы 26-июнда каржы полициясы менен кызматташып жатышканын айтып, иликтөөдө колдонулган документтердин кайсы бир бөлүгүн мекемеге 18-июнда беришкенин кошумчалашкан.

Журналист таянган документтердин экинчи бөлүгү финполго берилээри кабарлаган.

«Азаттыктын» иликтөөсү

«Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов 29-майда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылып кетишине тиешеси бар болушу ыктымалдыгы тууралуу иликтөө чыгарган.

Парламенттин депутаты Искендер Матраимов иликтөөнү анын үй-бүлөсүнө каршы «буйрутма» деп атап, анын кайрымдуулук фондуна акча которгон кишилер менен тааныш эместигин билдирген.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттик иликтөөдөгү маалыматтарды текшерүү боюнча тапшырма берген. Ал эми финпол «Азаттыктын» Кыргызстандан чыгарылган акчалар боюнча маалыматтарды изилдөө үчүн иликтөөчү топ түзгөн.

Мамфинчалгындоо 6-июнда Айэркен Саймаити Кыргызстандан чет өлкөгө 700 АКШ долларын чыгарып кеткендигин тастыктады.

Бирок мекемеден «Азаттыктын» Матраимовдор башкарган фондго 2,3 млн АКШ доллары которулгандыгы боюнча маалыматын четке кагышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча фондго 199 миң АКШ доллары гана келип түшкөн. Ушундай эле сумманы Искендер Матраимов да айткан.