2017-жылдагы Балыкчы — Корумду жолунуну курулушу.

Финансы министринин орун басары Улугбек Карымшаков парламенттин 27-июндагы отурумунда билдиргендей, бийлик Ысык-Көл облусундагы Балыкчы — Корумду жолунун курулушун бүтүрө албайт.

Анын айтымында, жол министрлиги жолдордун курулушуна 1 млрд сом сураган, бирок мындай акча бюджетте жок. Карымшаков билдиргендей, эгер каржылоонун кошумча булагы пайда болсо акча бөлүнүшү мүмкүн.

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновдун айтымында, бийлик ушул жылы Балыкчы шаарындагы ички жолдордун жети километринин курулушун бүтүрүүнү пландоодо.

Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо 2016-жылы башталган. Жолдун жалпы узундугу 104 километрди түзөт. Жолдун курулушунун долбоору 6,8 млрд сомго бааланган.

Бийлик жолдун калган 35 километрин оңдош керек жана бул үчүн аларга 2 млрд сомдон ашык каражат керектелет.

Балыкчы — Корумду жолу — бул гранттардын же кредиттердин эсебинен эмес, өлкөнүн бюджетинин эсебинин ишке ашырылып жаткан масштабдуу инфраструктуралык долбоорлордун бири.

Бийлик анын курулушун төлөө үчүн «Мегаком» мобилдик операторун саткысы келген, бирок компания үчүн сатып алуучу табылган эмес.

Жолдун курулушуна бир нече чуулгандуу окуялар байланыштуу. Коррупция боюнча шектөөлөрдүн айынан премьер-министр Темир Сариев отставкага кеткен. Маяналар төлөнүп берилбегендиктен жолду куруп жаткандар иш ташташкан. Раппопорт алеясы кыйылып, жолдун реконструкциясы дайыма үзгүлтүккө учурап келет.