Бишкек милициясынын басма сөз кызматынын башчысы сулуулук салонунун администрациясы менен уруша кетти — видео

Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматынын башчысы Мира Абдылдаева борбор калаадагы сулуулук салонунун администрациясы менен уруша кетти. Чыр тартылган видео фейсбукта 27-июнда пайда болгон. Окуя качан жана кайда болгону белгисиз.

Салондун башчысы билдиргендей, Албдылдаева кирпик узартуу процедурасына бир нече саат кечиккен. Ошого карабастан салондун администрациясынан процедураны жасап берүүнү талап кылган.

«Салондун администрациясы башка күнү жасап берүүнү сунуштаганда кардар макул болбой, ИИМдеги байланыштары менен коркутуп, ызы-чуу чыгарып, акчасын талап кыла баштаган. Анын коркутууларын уккан салондун администратору акчаны кайтарып берүүнү чечкен [...] Капчыкты көргөн кардар ичиндеги акчасы менен жула баштап, столдун үстүндөгү чыракты кармап алган», — деп айтылат фейсбуктагы посттун түшүндүрмөсүндө.

Сулуулук салонунун кызматкеринин айтымында, Абдылдаева акча кайтарылып берилбесин уккандан кийин «милициядагы байланыштарын ортого салып, салонду жаптыртам деп коркуткан жана сөгүнгөн».

Абдылдаева кийинчерээк салондун администрациясы менен чатакташканын vesti.kg басылмасына тастыктап берген.

«Чын эле салонго кечигип калгам, себеби анализ тапшырып жүргөм. Ошондуктан күйөөмдөн аларга жагдайды түшүндүрүп, 200 сом комиссия таштап кетүүсүн сурангам. Ал [салондун кызматкери] мастер жумушсуз калды деп мага акчаны берүүдөн баш тартты», — деди Абдылдаева.

Бирок ал милициядагы байланыштарыны ортого салып, салонду жаптыртам деп айтпагынын билдирүүдө. Абдылдаеванын айтымында, администратор чырды өзү баштаган.

«Колумду жаңсасам моюну тытылып кетиптир, анан кечирим сурадым. Атүгүл жол инспекторлору токтотушкан күндө да күбөлүгүмдү көрсөтпөйм. Салондун администраторуна ИИМдеги байланыштарымды айтып, чиренген эмесмин», — деди ал.