Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы

28-июнда Жогорку Кеңеште акыркы отурум болуп өтүп, ал Кыргызстандын гимни менен аяктады.

Парламентарийлер эс алууга өлкөнүн мурдагы башчысы Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент макамынан ажыратышкандан эртеси кетишти.

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков депутаттардын «кыйла алгылыктуу иштерине» ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңеш сентябрь-июнь убакыт аралыгындагы бешинчи сессия учурунда «бир катар өтө маанилүү мыйзам долбоорлорун» кабыл алган деп айтты.

Анын айтымында, парламент кабыл алган мыйзам долбоорлору менен токтомдор «өлкө экономикасын көтөрүүгө жана калк турмушун жакшыртууга багытталган».

Парламент жактырган мыйзам долбоорлорунун бири экс-президенттерден кол тийбестикти алуу механизми жазылган документ болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул мыйзамга май айынын ортолорунда кол койгонуна карабастан, депутаттар бул документтин үстүнөн Атамбаев митингде өзүнүн тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып парламентти «чимкирик» деп атагандан кийин гана активдүү киришип иштешкен.

Жыйынтыгында Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент макамынан ажыратуу үчүн эл өкүлдөрүнө эки жумадай керектелди.

Депутаттар 13-июнда Атамбаевдин билдирүүлөрү үчүн аны сынга алышкан. Андан кийин Атамбаевден кол тийбестикти алуу тууралуу маселе боюнча комиссияны түзүшкөн.

Комиссия өз корутундусун 20-июнда даяр кылып, аны Башкы прокуратурага жөнөткөн. Башкы көзөмөлдөөчү орган 24-июнда жооп берип, депутаттардын алты айыбынын бешөөсүн негиздүү деп тапкан. Парламентарийлер 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн добуш беришкен.

Атамбаевдин кол тийбестиктен ажырашы анын Жээнбеков менен араздашуусунун жыйынтыгы болуп калды. Саясатчылардын ортосундагы чыр-чатак 2018-жылдын мартында башталган. Ал учурда Атамбаев саясатка кайтып жатканын расмий жарыялап, мураскерин коррупцияга каршы натыйжасыз күрөшүп жатат деп сынга алган.

ТЕМА БОЮНЧА: